Кыргыз өлкөсү Кытай Эл Республикасынан ПЦР тест-топтомун кабыл алат

Бүгүн, 5-апрелде Өкмөт үйүндө саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн маалымат жыйын берди.

Жыйында 5-апрелге карата өлкөдө дагы 3 жаран коронавирус жуктуруп алганы кабарланды.

Мындан тышкары министр жакшы жаңылык катары Кыргыз өлкөсүнө ПЦР үчүн тест-системдердин 5 топтому келип түшкөнүн айтты.

"Тест-системдеринин ар бир топтому 220 изилдөөнү жүргүзөт, жалпысынан 1 миң 100 талдоону жасай алат. Кытай Эл Республикасынан ПЦР 84 тест-топтомун кабыл алабыз. Мындан тышкары кийинки аптада Беларустан 90, Түркиядан 350 тест-системдеринин топтомун күтүп жатабыз. Ошону менен биз тест-системи боюнча көйгөйлөрдү чечип алдык", - деп билдирди саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан