"Азык-түлүк ташыйбыз". Өткөрмө уруксат кагазын алып, таксиге чыккандар жазага тартылат

Бишкекте өткөрмө уруксат кагазын такси кызматы үчүн пайдалангандар жазага тартыларын Бишкек шаарынын комендатурасынан кабарлашты. Анда айрымдары борбор калаанын ар кайсы аймактарына азык-түлүк жеткиребиз деп арыз таштап, өткөрмө уруксат кагазын алышып, бирок аны башка максатта колдонуп жатканы айтылат.

"Өзгөчө кырдаал тартиби, коменданттык саат учурунда өткөрмө уруксат кагаздарын алышып, аны такси кызматын көрсөтүү үчүн колдонгону аныкталгандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармакта билдирүү жарыяланып, анда уруксат кагазы бар таксилер кызмат көрсөтөрү жазылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан