13 күн мурда 1 миллион болчу. Дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны 2 миллиондон ашты

Дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны 13 күндө дагы 1 миллионго көбөйдү. Бүгүн, 15-апрель саат 20:00гө (Бишкек убактысы) карата вируска кабылгандардын жалпы саны 2 миллиондон ашты.

Илдетке кабылгандардын ичинен 128 миңден ашууну каза болсо, 500 миңден ашыгы вирустан айыкты.

Жабыркагандар эң көп катталган ТОП-10го АКШ - 610 миңге жакын, Испания - 177 миңден ашуун, Италия - 162 миң 488, Германия - 132 миң 321, Франция - 131 миң 362, Улуу Британия - 95 миң 852, Кытай - 83 миң 355, Иран - 76 миң 389, Түркия - 65 миң 111 жана Бельгия - 33 миң 573 кирет.

Ал эми каза болгондордун саны боюнча АКШ - 26 миң, Италия - 21 миң, Испания - 18 миң, Франция - 15 миң, Улуу Британия - 12 миң көрсөткүчтөрү менен алдыда.

2-апрелге караган түнү дүйнө жүзү боюнча коронавирустан жабыркагандардын саны 1 миллиондон ашкан.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан