Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицинанын 3 кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаары – 1;
Ош облусунда – 2.
Ал эми бир суткада ооруканалардан медицинанын 6 кызматкери жана үй карантининен медицинанын 15 кызматкери айыгып чыгарылган.
Жалпысынан республика боюнча 3 миң 202 медицина кызматкеринен COVID-19 диагнозу аныкталган.