Кытай мамлекети коронавирустан зыян тарткан өлкөлөргө акча бөлүп берет. Мындай маалыматты чет элдик басылмалар Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Анда ар бир мамлекетке 2 миллиард доллардан бериле турчу каражат жакынкы 2 жыл аралыгында бөлүнүп, коронавирус менен күрөшүүгө жана социалдык, экономикалык абалды өнүктүрүүгө жумшалышы керектиги айтылат.
"Мындан тышкары Кытай Бириккен улуттар уюму менен биргеликте гуманитардык кампа түзүп, коргонуучу жана эпидемияга каршы колдонулуучу каражаттар менен башка өлкөлөрдү туруктуу камсыз кылмакчы. Кытайда иштелип жаткан коронавируска каршы вакцина сатыкка чыккандан кийин дүйнөнүн бардык аймактарына жеткиликтүү болот", - деп айтылат маалыматта.