Тогуз ай ичинде 26 миң өлүм. Өткөн жылга салыштырмалуу пневмониядан каза болгондордун саны 2,5 эсеге көбөйдү

2019-жылга салыштырмалуу быйыл пневмониядан каза болгондордун саны 2 жарым эсеге көбөйдү. Мындай маалымат Улуттук статистикалык комитети тарабынан белгилүү болду.

Саламаттыкты сактоонун ыкчам маалыматы боюнча, 2020-жылдын январь-сентябрь айларында пневмония менен ооругандардын саны 26 миңди түзгөн. Ал эми 2019-жылдын 10 айында 24 миң бейтап катталган.

Январь-сентябрда пневмония оорусу менен жабыркагандар

2019-жыл (жалпы)

2020-жыл (жалпы)

Кыргыз Республикасы

23 миң 990

26 миң 48

Баткен облусу

3 миң 201

2 миң 292

Жалал-Абад облусу

4 миң 539

3 миң 888

Ысык-Көл облусу

2 миң 144

4 миң 160

Нарын облусу

1 миң 316

1 миң 705

Ош облусу

4 миң 722

3 миң 975

Талас облусу

1 миң 111

1 миң 234

Чүй облусу

3 миң 625

4 миң 43

Бишкек шаары

2 миң 178

4 миң 166

Ош шаары

1 миң 135

545

Медициналык кызмат көрсөтүүчү башка обочолонгон аймактык бөлүмдөр

19

40


Пневмония оорусу өткөн жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда көбүрөөк катталганы белгиленди.

2020-жылдын январь-сентябрында өлүмдүн себептери боюнча өлгөндөрдүн жалпы санынын ичинен жарымынан көбү (52 пайызы) кан айлануу системасынын ооруларына, 11 пайызы - шишик ооруларына жана дем алуу органдарынын ооруларына - 7 пайызы туура келди.

Өткөн жылдын январь-сентябрь айларында пневмониядан каза болгондордон 100 миң кишиге 9 маркум туура келсе, 2020-жылда 100 миң кишиге 23 каза болгон жаран туура келген же 2 жарым эсеге көп.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан