Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик медициналык камсыздандыруу башкармалыгынын өкүлү Сюн Сяньцзюнь коронавирус менен ооруган бир адамды дарылоого кеткен чыгымдын суммасын эсептеп чыкты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Сюн Сяньцзюндун эсеби боюнча, бир бейтапты стационардык дарылоого 3 миң доллар кеткен. Оорунун күчтүү формасы болгон учурда бейтаптын чыгымы 21 миң долларга чейин барган.
Ошондой эле Сяньцзюнь өзгөчө оор учурларда бул сумма 200 миң долларга чейин өсүшү мүмкүн экенин баса белгилеген.
16-апрелге карата дүйнө жүзүндө коронавирус оорусун жугузгандардын саны 2 миллион 62 миң 485 кишиге жетти. Алардын 511 миң 843 жараны айыгып, ооруканадан чыкса, 136 миң 908 бейтап каза болду.