Нурлан Акматов Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгүнүн директору болуп дайындалды

Нурлан Акматов Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгүнүн директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын сайтына жарыяланды.

Акматов Нурлан Орозбаевич 1970-жылы Фрунзе (Бишкек) шаарында туулган. Эмгек жолун эсепчилик иштен баштаган.

- 1993-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун экономика факультетин аяктаган.

- 1993-1994-жылы "Жалын" кичи ишканасында эсепчи болуп иштеген.

- 1994-1995-жылы "Аншир" кичи ишканасында директордун орун басары;

- 1995-1999-жылдар аралыгында Мамлекеттик бажы инспекциясынын Бишкек шаары боюнча инспектору;

- 1998-жылы КУУнун юридикалык факультетин бүтүргөн.

- 1999-2002-жылдары Мамлекеттик бажы инспекциясынын "Түндүк" темир жол бажысынын башчысы кызматында, андан кийин жетекчинин орун басарлыгында иштеген.

- 2002-2007-жылдары Мамлекеттик бажы инспекциясынын кирешелер боюнча башкармалыгынын башчысы;

- 2007-жылдын 3-февралында Мамлекеттик бажы комитетинин башчысы болуп шайланган.

- 2007-жылдын 24-октябрында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кезектеги жаңы кабыл алынышына каршы болуп отставкага кеткен. Мындан соң жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин комитеттин башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп турган.

- 2007-жылдын 27-декабрында ошол кездеги президенттин указы менен Мамлекеттик бажы комитетинин төрагасы болуп дайындалган.

- 2011-жылдан 2016-жылга чейин "Газпром нефть Азия" ЖЧКсынын бизнести өнүктүрүү боюнча башкы директорунун орун басары болуп иштеп келген.

2018-2019-жылдары "Манас" аэропортунун башкармалыгынын төрагасы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан