Төрт апталык наристе коронавирустун курмандыгы болду

Филиппинде төрөлгөнүнө 29 күн болгон наристе коронавирустан чарчап калып, аталган өлкөдөгү коронавирус пандемиясынын эң жаш курмандыгы болуп калды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, ымыркай Филиппиндин Батангас провинциясында төрөлгөн. Ал төрөлгөнүнө 29 күн болгондон кийин дем алуунун арты менен пайда болгон сепсистен (ириңдеп кетүү) улам көз жумган. Балага күчтүү респиратордук инфекция деген диагноз коюлган. Анын ата-энесине инфекция жукканбы же жокпу айтылган эмес.

Аталган өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мария Розарио Вергере баланы өлкөдөгү коронавирустун эң жаш курмандыгы болгонун тастыктады.

Март айында АКШнын Чикаго шаарында жаңы төрөлгөн ымыркай коронавирустан каза болуп, дүйнө жүзүндөгү бул инфекциянын эң жаш курмандыгы болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Usow
2020-04-18 11:22:50
Чынбы жалганбы жаза бересинер е, ата-энесинде вирустун белгилери жок болсо балага неге андай диагноз койот хайран каласын.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан