Бишкекте эртең менен патрулдук унаа менен кичи автобус сүзүшүп, айдоочулар жаракат алышты. Жол кырсыгы 16-апрелде саат 06:20 чамасында Көлбаев-Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алганын Бишкек шаардык комендатурасынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Лада Приора унаасы менен Мерседес-Бенц Спринтер кичи автобусу сүзүшүп, анын кесепетинен эки айдоочу тең жаракат алышты. Алар "Тез жардам" кызматы менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда", - деди басма сөз катчы.