Кытайдын басылмалары Кыргыз өлкөсү жана Казакстан жайгашкан аймак мурда Цин империясына караштуу болгон деген макала жарыялашты. Макала Кытайдын "toutiao.com" аттуу белгилүү сайтына 11-апрелде жарыяланганын "Азаттык" жазып чыкты.
14-апрелде Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Шахрат Нурышев Кытайдын Казакстандагы элчиси Чжан Сяону чакырып, сөз болуп жаткан макаланын мазмунуна нааразы экенин билдирип, Бээжинге нааразылык нотасын жолдоду. Азырынча Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлиги маалыматка реакциясын билдире элек.
Мындан улам SUPER.KG порталы "Кытайдын белгилүү сайттарында Кыргыз өлкөсүнүн жана Казакстандын аймактары Кытайдын жери болгон деген мааниде макалалар жарыяланганы талкууга түшүп жатат. Казакстан Кытайга нааразычылык нота жибергени белгилүү болду. Кыргыз бийлиги, Тышкы иштер министрлиги да реакция кылышы керек беле?" деген собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров эки улут ортосундагы мамиледе кылдат болуу керек, нота жөнөтүүдөн мурун маалыматты жарыялаган тарапты иликтеп, салмактап көрүү зарыл деген пикирде.
"Эми кандай сайт жазып чыкты ошону караш керек. Мисалы, бирөө Фейсбукка жазып койсо эле биз ар бирибиз реакция кыла бербейбиз да. Эгерде мамлекеттик ЖМК жарыялап жаткан болсо, анда биз реакция кылсак болот. Ал эми сайт болсо анда ал сайттын салмагын аныкташ керек. Азыр кайсы бир билдирүүнү элге жеткирүү куралы ар бир эле кишиде бар болуп калды, эртең менен туруп бирөө маанайы жок болуп жазып койгон нерсенин баарына эле реакция кыла берген болбойт.
Эми салмактап көрүш керек экен жарыяланган кабарды, эки өлкөнүн ортосуна жөн эле чатак салып жиберген болбойт. Казак бийлиги нота жолдогону дагы чынбы же жөн эле айтылган сөзбү муну да тактоо керек. Жөн эле нота жөнөтүп коюу деген оңой иш эмес, анын баарын карап көрүп, кайсы маалымат каражаты жарыялады иликтеп, эгерде чын эле мамлекеттик же өкмөт менен иштешкени чын экендиги анык болгон сайт болсо, анда реакция кылса болот", - деди Сабиров.