Англиялык сүрөтчүнүн үйүндө "баш аламандык кылган" келемиштердин сүрөтү интернетте популярдуу болууда

Англиялык көчө сүрөтчүсү Бэнкси Инстаграм баракчасына коронавирус пандемиясы учурундагы изоляцияга арнаган сүрөттөрүн чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Бэнкси февралдан бери колдоно элек Инстаграм баракчасын жаңылап, коронавируска арнап тарткан келемиштердин сүрөтүн чыгарды. Анда 10 чакты келемиштин жуунуучу бөлмөдө баш аламандык уюштургандыгын көрүүгө болот. Сүрөткө "Жубайым менин үйдө отуруп иштегенимди жактырбайт" деген билдирүү калтырган. Сүрөтчүнүн эмгектери бат эле интернет айдыңына тарап, "бейбаш" келемиштери популярдуу болуп кетти.

Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясына байланыштуу Англиянын тургундарына 23-марттан бери зарыл муктаждык болбосо көчөгө чыгууга тыюу салынган. Бирок жашоочуларга күнүнө бир маал көчөгө чыгып, спорт менен машыгууга уруксат берилген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Sabette
2020-04-16 16:44:51
Жийиркеничтүү
+5
PROS
2020-04-17 06:47:15
Жуунуучу бөлмөдө эмес ажатканада экен го!!!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан