Жарандарга вирустун жугушун жана өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу максатында атайын жайлар даярдалган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, вирус жуктурду деп шектелгендерди инфекциянын инкубациялык мезгилинде оолак кармоо үчүн даярдалган обсервациялык жайларга 9 миңден ашык адам жайгаштырылган, алардын 7 миң 202си медициналык кароонун жыйынтыгы менен үйлөрүнө карантинге жиберилген. "Мындан тышкары атайын медициналык көрсөтмөлөрдү эске алуу менен айрым жарандар, анын ичинде чет өлкөдөн келгендер обочолонуу режимине же үй карантинине алынган. Бул учурда карантинге алынгандардан башка адамдар менен байланышпай турганы жөнүндө жазуу түрүндө милдеттенме алынат. Жалпы республика боюнча үй карантининде бардыгы болуп 83 миң 638 адам алынган, учурда алардын 28 миң 592си үй карантининде, 55 миң 46 адам карантинден чыкты", - деп жазылат маалыматта.
Бирок алынган милдеттенмелерге карабастан, айрымдар обочолонуу режимин бузуп жатат. Алар бул аракети менен башка адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна гана эмес, COVID-19га каршы күрөшүү боюнча саламаттыкты сактоо органдары тарабынан кабыл алынган чаралардын натыйжалуулугуна коркунуч жаратууда.
Жалпысынан үй карантинин бузгандыгы үчүн 45 адам жоопко тартылды.