"Мас абалында коменданттык саатты бузгандар камакка алынат" дейт комендант

Мас абалында коменданттык саатты бузгандар камакка алынат. Бул тууралуу бүгүн, 16-апрелде Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов онлайн маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Эгер жаран ичип алып, мас абалында кармалса айып төлөө каралган. Андан тышкары коменданттык сааттын талабын бузганы үчүн дагы 3 миң сом өлчөмүндөгү айып төлөйт. Албетте, бул үй-бүлө бюджетине зыян келтирет. Ошондуктан биз ичкилик сатпоо тууралуу демилге көтөрүп, убактылуу чектөө киргизгенбиз. Бирок кээ бир дүкөндөр ага карабай, ичимдикти катып алып сатып жатышат. Эми мындан ары коменданттык саат мезгилинде мас абалында кармалса, жоруктар кодексинин негизинде камалат", - деди Малик Нурдинов

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан