Сооронбай Жээнбеков: "Абал толугу менен көзөмөлдө турат"

Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев жана парламенттин фракция жетекчилери менен өлкө аймагына коронавирустун киргендигине байланыштуу учурдагы абалды талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда өлкө башчы Кыргыз өлкөсү жалпы дүйнө коомчулугу сыяктуу эле олуттуу сыноого туш келип, өлкөдө биринчи жолу коронавирус илдетине кириптер болгондор катталганын белгиледи.

Оорунун мындан ары жайылышына жол бербөө максатында болгон аракеттердин баары жасалып жатканын, Сузак районунун аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилгендигин жана эки республикалык штаб жигердүү иштеп жаткандыгын баса белгиледи.

"Абал толугу менен көзөмөлдө турат. Коопсуздук кеңештин жыйындарында өз убагында тиешелүү чечимдер кабыл алынып, бүгүнкү күндө алар аткарылып жатат. Медицина кызматкерлеринин чоң армиясы өлкөгө бул инфекциянын киришине жол бербөөнүн үстүндө катуу эмгектеништи. Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана илдетти алдын алуу боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлдү. Ошентсе да кемчиликтер бар, аларды жоюу боюнча иш алып барылышы керек", - деп билдирген өлкө башчы.

Президент күнү-түнү тыным албай иштеп жаткан дарыгерлерди жана өлкөнүн экономикалык коопсуздугун камсыз кылып жаткандарды колдоого чакырды.

«Республикалык штабдардын ишин сынга алуу жана акыл-насаат айтуу баарынан жеңил. Бирок азыр эксперттик пикирлерди айтып, өзгөчөлөнүү менен алектенүүнүн маалы эмес. Биз баарыбыз элибизге иш жүзүндө реалдуу жардам беришибиз зарыл. Тиешелүү мамлекеттик органдар экономикалык чөйрөдө кырдаалдан пайдаланып, бааны көтөрүү менен байып кетүүнү көздөгөн чайкоочуларга бөгөт коюу боюнча жигердүү чараларды көрүштү. Эми эң башкысы, саясий чайкоочулукка жол бербөөгө чакырам», - деп баса белгиледи президент.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан