Жогорку Кеңеште акча алмаштыруу жайларынын ишин токтотуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Социалдык тармакта бул мыйзам долбоору кызуу талкуу жаратып, сын-пикирлер жазылууда. Анда бул мыйзам долбоору кабыл алынса жашыруун рынок пайда болору айтылууда. Ошону менен катар эле атаандашуу жок болуп элдин чөнтөгүнө зыяны тиери дагы жазылууда. Мындан тышкары, социалдык тармакта акча алмаштыруу жайларынын жабылышы боюнча добуш берүүлөр дагы жүрүп жатат. Анда көпчүлүк интернет колдонуучулары бул демилгеге каршы болушууда.
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" ("Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банкттар жана банк иштери жөнүндө", "Террордук ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамы, Салык кодекси мыйзам долбоору 15-апрелде коомдук талкууга коюлган.
Маалыматка ылайык, сунушталган мыйзам долбоору валюта рыногунун катышуучуларынын - накталай чет өлкөлүк валюталар менен алмашуу операцияларын жүзөгө ашырган айрым субъекттердин ишин токтотуу максатында иштелип чыкканы жазылган. "Мыйзам долбоору республиканын валюта рыногунда Улуттук банк тарабынан көрүлүүчү көзөмөлдөө чараларынын натыйжалуулугун, бүтүндүгүн жана коопсуздугун камсыз кылууга максатталат. Жыйынтыгында Улуттук банктын адекваттуу акча-насыя саясатты жүргүзүүсүнө жана банк мамилелер чөйрөсүндө ишинин натыйжалуулугуна таасир этет", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.
Анда акыркы окуялардын жүрүшүндө алмашуу бюролору өлкөдөгү окуяларга жана жалпы дүйнөлүк экономикалык каатчылыкка, коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу белгисиздик жана тынчсыздануу кырдаалынан пайдалануу менен, экинчи рынокто долларга негизсиз алмашуу курстарын коюп, натыйжада жасалма толкундануу жаратканы жазылган. "Чет өлкөлүк валютага болгон суроо-талапты жогорулатты. Бул окуялар, ошондой эле чет өлкөлүк валютанын улуттук валютага карата негизсиз төмөн жана негизсиз жогору курсун белгилөө фактысын алдын алуу боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгы бул рыноктун катышуучуларын жөн гана катуу көзөмөлдөөнү эмес, Улуттук банктын лицензиялануучу жана жөнгө салынуучу субъекттеринин тизмесинен жеке жак же болбосо юридикалык жак формасындагы алмашуу бюросунун ишин токтотуу зарыл экендигин көрсөттү", - деп айтылат маалыматта.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери депутат Гүлшат Асылбаева, Алиярбек Абжалиев, Салайдин Айдаров, Искандер Гайпкулов, Пархат Тулендыбаев, Айнура Осмонова, Экмат Байбакпаев.