ЖМКлардын иштөө форматы боюнча маселе каралып жатканын шаардык комендантурадан билдиришти

14-апрелде президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү 30-апрелге чейин өзгөчө абал режиминин узартылышына жана киргизилишине байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөөнүн форматын карап чыгууну републикалык ыкчам штаб менен жер-жерлердеги комендатураларга тапшырган.

Бул сунуш каралдыбы деген суроо менен бүгүн, 16-апрелде Бишкек шаарынын комендантынын басма сөз кызматына кайрылдык.

Анда маалымат катчы учурда штаб бул маселени карап жатканын, жакынкы күндөрү жообу айтыларын билдирди.

Буга чейин "Супер-Инфо" гезити, SUPER.KG порталы жана SUPER TV каналынын редакциялары расмий кайрылууларын COVID-19 вирусунун өлкөгө кирүү жана таралуу коркунучун алдын алуу боюнча республикалык штабдын жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиевге жана Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевге 9-мартта кат жолдогон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан