Азыркы учурда той-мааракелерди өткөрүүгө расмий түрдө уруксат берилген эмес. Бул тууралуу Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев брифингдин жүрүшүндө билдиргенин республикалык штабдан кабарлашты.
"Бүгүнкү күндө той-маараке, аш өткөрүүгө расмий уруксат берилген эмес. Эгер той иш-чаралар өтүп жаткан фактылар болсо, Ош шаарынын мэриясына кайрылсаңыздар болот. Кимде-ким той өткөрүүгө жол берсе, айып пул салынат. Буга чейин санитардык нормаларды сактабаган учурлар катталып, жалпы 1 миллион сомго жакын айып пул салынган", - деди Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев.