Чүй облусунун Арал айылында 5 жаштагы кызга ыдык көрсөткөн делинген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Окуя тууралуу маалымат башкармалыктын нөөмөт бөлүмүнө 15-апрелде саат 10:41 чамасында келип түшкөн.
"Анда Арал айылында 5 жаштагы кызга карата ыдык көрсөткөнү тууралуу айтылып, жерине ыкчам тергөө тобу барышкан. Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барышканда 28 жаштагы Н.А. аттуу келин айылдашына карата чара көрүүнү суранып, арыз жазган. Анда 14-апрелде саат 14:00 чамасында арыздануучунун 2014-жылы туулган кызына карата айылдашы сарайлардын биринде ыдык көрсөткөнү айтылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 165-берене менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Ыкчам тергөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүү делинген 28 жаштагы Ш.А. кармалып, Токмок шаардык убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.