Бүгүн, 24-мартта өкмөт үйүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Жыйында Бишкек шаары жана бир катар аймактарга киргизилген өзгөчө абалдын тартиптери тууралуу айтылып жатат.
"Бишкек шаарында 15 санитардык-өткөрмө пункт тургузулду. Комендант сааты маалында көчөдө жарандарга жана унааларга жүрүүгө тыюу салынат. Бирок медицина кызматкерлери жана дарыканада иштегендерге уруксат берилет. Эгер кайсы бир жаран дарыканага барышы керек болсо, ал алдын ала анкета толтурушу керек жана ал баракты жанына алып алуу зарыл", - дейт Боронов.
2020-жылдын 24-мартына карата республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруп алган дагы 26 адам катталган. Кыргыз өлкөсүндө жалпы 42 адамдан COVID-19 вирусу аныкталды.