Сауд Арабиясынын Мекке жана Мединадагы ыйык жайлар качан ачылары белгисиз бойдон калууда. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Меккедеги Чоң мечит жана Мединадагы Пайгамбардын мечити ыйык рамазан айында да жабык болот.
"Дүйнө жүзүн каптаган пандемиядан улам мусулмандар аталган мечиттерде 5 маал жана таравих намазын окуй алышпайт. Мечиттер кайсыл убакта ачылат азырынча белгисиз", - деп жазылат маалыматта.