Коронавирустун очогу болгон Кытайда акыркы бир сутка ичинде 7 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Алардын бири сырттан келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, коронавирус аныкталган жети адамдын алтоо өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Цзилинь провинциясында катталса, Шанхай шаарында сырттан келген адамдан вирус аныкталды. Акыркы сутка ичинде өлкөдө коркунучтуу инфекциядан каза болгон бир дагы учур катталган жок. Ооруканалардан дагы 18 бейтап айыгып чыкты.
Бул көрсөткүч менен коңшу өлкөдө жалпы 84 миң 18 адамдан инфекция аныкталды. 4 миң 637 адам каза болсо, 79 миң 222 бейтап айыгып чыкты.