Жалал-Абад облусунда 100 орундуу оорукананын курулушу жүрүүдө

Жалал-Абад облусунда 100 орундуу оорукананын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков билдирди.

"Учурда аны каржылоо маселеси чечилди. Ошондой эле Түштүк аймактык жүрөк-кан-тамыр хирургиясынын изилдөө борборунун имаратында капиталдык ремонт өткөрүлүп жатат”, - деди Ырысбек Ызабеков.

Анын айтымында, коронавирустун экинчи толкунуна байланыштуу божомолдорго атайын комиссиянын чечими менен 39 пункттан турган иш-чаралар планы белгиленди жана ал тийиштүү органдар тарабынан бекитилиши күтүлүүдө. Негизинен күз мезгилинде оору-сыркоо көп болоору эске алынып, бул боюнча бардык район, шаарлардагы жетекчилерге тапшырма берилип, иштер жүрүп жатканы маалым болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан