Нарын шаары жана Ат-Башы району боюнча жалпы 351 өткөрмө кагаз берилди. Бул тууралуу бүгүн, 17-апрелде комендант Уланбек Аалиев онлайн маалымат жыйында билдирди.
Анын ичинен:
Бир күндүк өткөрмө кагаздар - 19;
Күнү-түнү иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине - 72;
Калган уруксат кагаздар эртең мененки саат 07:00дөн кечки саат 21:00гө чейин жүргөнгө берилди.