Коронавирустун айынан Кытайда өтчү күрөш боюнча олимпиадага тандап алуу оюндары жылдырылды

Кытай Эл Республикасында күрөш боюнча "Токио 2020" жайкы олимпиада оюндарына тандап алуу турнири жылдырылды. Бул тууралуу Бүткүл дүйнөлүк күрөш федерациясына таянып чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Бул турнир Кытайдын Сиань шаарында 27-29-март күндөрү өткөрүлмөк. Аталган федерацияда спортчулардын коопсуздугуна карап турнирди башка өлкөдө өткөрүүнү кароодо. Азырынча кайсы өлкөдө өтөрү белгисиз. Бул турнирге Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттер катышат.

Буга чейин Кытайда өтчү бокс боюнча олимпиадага тандап алуу турнири коронавирустун айынан Иорданиянын Амман шаарына жылдырылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан