Кечээ, 14-мартта өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Телефон аркылуу сүйлөшүүдө Кыргыз-Казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.
Өкмөт башчылар эки өлкөнүн жарандары жана товарлар чек арадан тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү жайларынын мындан ары да ырааттуу жана макулдашылган ишин камсыз кылуу боюнча маселеге өзгөчө көңүл бурушту.
Бүгүнкү күндө Кыргыз-Казак чек арасы аркылуу жүк ташуу үчүн эч кандай тоскоолдуктар жок экендиги баса белгиленди.