Бишкекте айдоочу блокпостто турган патрулдук милициянын талаптарын аткарбай, кызматкерди сүзүп, белгисиз тарапка качып кетти. Анын кесепетинен патрулдук милиция кызматкери жаракат алып ооруканага жеткирилди. Окуя бүгүн, 17-апрелде саат 12:30 чамасында Курманжан Датка-Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган. Бул тууралуу Бишкек комендатурасынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Тойота Ист унаасынын айдоочусу аталган даректеги фильтрациялык посттон патрулдук милициянын талаптарын аткарбай, аны унаасы менен сүзүп, белгисиз тарапка качып кетти. Кырсыктын кесепетинен кызматкер "Тез жардам" унаасы менен Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди.
Учурда бул факты боюнча издөө жана тергөө иштери жүргүзүлүп, айдоочунун аты-жөнүн, жүргөн жерин аныктоо чаралары көрүлүп жатат", - дейт мекеменин басма сөз катчысы.