Уханда коронавирустан каза болгондордун саны мурда айтылгандан 1 миң 290го көп болуп чыкты

Кытайдын Ухан шаарынын бийлик өкүлдөрү коронавирустан көз жумгандардын саны мурда айтылгандан 1 миң 290го көп экенин айтып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, бул адамдар эпидемиянын алгачкы күндөрү каза болгондуктан тизмеге кирбей калышкан. Мунун менен Кытайда вирустан каза болгондордун саны 4 миң 632ге жетти.

"Ооруканалардан каза болгондор тууралуу маалымат кечигүү менен келип жатты. Анткени айрым адамдар үйлөрүндө көз жумган", - деп жазылат маалыматта.

Муну менен бирге эле Ухандагы коронавирус жуктурган адамдардын саны да кайра каралып чыккан. Бийлик өкүлдөрү бул чечимге айрым өлкөлөр Кытай коронавирустан каза болгондордун так санын жашырып жатат деген оюн билдиргенден кийин келген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
ZUXRIDDIN20
2020-04-17 17:33:10
Жалган бул кабары деле 10.000 ге жакын өлгөн болсо керек. Кытайдын эч бир сөзү чындыкка дал келбейт.
Урматтуу супер кг жамааты интернетте ватсаппта "суйунчу Россия Коронавируска эффективдуу болгон Мефлохин даарысын колдонууну баштады деген видео тарап жатат. Ошол туурабы? изилдөө жүргүзүп Толугураак маалымат жазсаңар сураныч
0
admin_portal
2020-04-17 17:39:37
ZUXRIDDIN20, бул кабарларды окуп көрүңүз.
https://www.super.kg/kabar/news/300829/
https://www.super.kg/kabar/news/301153/
+1
algakaray
2020-04-17 20:39:30
Такыр ишенбейм мен. Миллиондоп эле олгон окшойт жашырып койушту. Негизи булар жашырганга айабай жакын болушат.
+2
Milduri
2020-04-17 22:06:50
Кантип эле 1 миллиард 400 миллион калкы бар Кытайда ушунча адам өлөт эле, болушу мүмкүн эмес, кытайлар так санын айтышпады дагы, башында февраль айында 90миң адам өлүптүр дегени чын болсо керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан