Буга чейин SUPER.KG порталы Таластын Талды-Булак айылындагы, тагыраагы облуска кире бериштеги блокпостто түзүлгөн узун кезек тууралуу жазган. Андан кийин окурмандар порталга кайрылышып, блокпостто андан да башка маселелер бар экенин билдиришти.
"Өтө зарыл жумуштары менен шашылыш кетип бара жаткандар бар. Айрымдар жөн эле бир нече сааттык кезекти күткүсү келбейт. Бул учурда блокпосттогуларга акча берип өтүп кетүү ою көбүнө келет жана мындай көрүнүштөр болуп жатат. Жакын тууганым менен чогуу кезек күтүп калдык, алар миң сом берип кезек күтпөй өтүп кетишти. Бирок баарынан эле ала беришпейт, ишенимдүү, кийин муну жарыялап жибербей турган адамдардан алышат. Кезектин элге тийгизген дагы бир кесепети ушул болуп жатат", - деди окурмандын бири.
Бул боюнча облустук өкүлчүлүккө кайрылганыбызда, эл арасында ар кандай кеп чыга бере тургандыгын айтышып, мындай билдирүүлөрдү далилдеген фактылар керек экендигин кошумчалашты.
"Ооба, карантин жарыялангандан бери эле Таласта оору аныкталбай, таза турганынан тартып да бул сыяктуу кептер айтылып эле келе жатат. Эл болгондон кийин ар кандай сөздөр айтыла берет экен, анын баарын териштирип отуруу мүмкүн эмес. Бизге ошондой кеп сөздү айткандар "мына, кызматкер акча алды" деген далил, факты, видео менен кайрылышса иш-аракеттерди көрөбүз. Далил жок эле куру сөздүн ар бирине реакция кылууга болбойт. Буга чейин ОИИБдеги милиция кызматкерин жаманатты кылабыз деп аракет кылышты, барып териштирдик, анын туура эмес иштери далилденген жок. Бирок биз кызматкерлер менен бул жаатта туура иштөө тууралуу байма-бай сүйлөшүп турабыз", - дешти Талас облустук администрациясынын маалымат кызматынан.