Мурдагы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу начар болуп жатканын анын жактоочусу Замир Жоошев билдирген.
Буга байланыштуу УКМКнын басма сөз кызматынан маалымат таратып, Алмазбек Атамбаевдин ден соолугу канааттандырарлык экенин жана ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын билдиришти.
Мындан улам маалыматты тактоо үчүн жактоочу Замир Жоошевге байланышканыбызда, ал төмөндөгүдөй жооп берди:
"УКМК негизи дайыма эле Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандырарлык деген маалымат берет. Бирок чындыгында мурдагы өлкө башчынын көп убакыттан бери кан басымы төмөн болууда. Анын ден соолугунун бул тарабы жакшырган жок. Бүгүнкү күндө дагы Алмазбек Атамбаевдин кан басымы нормадан ылдый болуп жатканы байкалууда. Ошого байланыштуу УКМКнын тергөө абагында ден соолугуна кам көрүп, дарылоого мүмкүнчүлүк болбогондуктан, УКМКнын тергөө абагынын кызматкерлеринин коштоосунда жеке клиникада дарыланып, ден соолугун изилдөөгө алууга шарт түзүү керек", - дейт жактоочу.