Кытайда дүйнөдөгү эң ири футболдук стадиондун курулушу башталды

Кытайдын Гуанчжоу шаарында дүйнө жүзүндөгү эң ири стадиондун курулуш иштери башталды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, бул стадиондун долбоору 12 миллиард юанга бааланган (болжолдуу 1 миллиард 690 миллион доллар). Курулушу башталган стадион 100 миң кишиге ылайыкташкан. Ошондой эле бул стадион дүйнөдөгү эң ири футбол стадионуна айланат, анткени дүйнөнүн башка өлкөлөрүндөгү бир нече стадиондор көбүрөөк күйөрмандарды кабыл алганы менен аянты кичинекей. Стадион лотос гүлү түрүндө курулуп, 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия чемпиондугуна чейин даяр болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
akmanai
2020-04-17 20:45:38
Кооз экен.
+7
Samina007
2020-04-17 20:55:16
Жакшы экен. Биздин футболчуларыбыз ойноп калат экен буйруса ушул стадионго финалга чыгышып
+9
aslonur
2020-04-17 21:28:53
Samina007, оозуна бал
+9
Islambek123
2020-04-17 20:58:48
Ушул сумма менен биздин карызды кечип койсо ээ козду жумуп, боору оруп.
+6
interpol
2020-04-17 21:18:51
Арам менен адалдын айырмасын билбей колуна тийгенди жалмап дүйнөнү дүрбөлөңгө салып коюуп эми кадимки жай турмушта жашап атышат. Булар не деген адамдар өзү????
+13
bessmertiy
2020-04-17 21:44:34
interpol, Кытай деген адамдар.
-3
natasha00
2020-04-18 00:26:33
interpol,Буларбы? Бети балон деген адамдар!)
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан