Атасы баласын "отжимание жаса" деп ур-тепкиге алган окуя. Баланын ата-энеси суракка алынып, 4-перзентин күтүп жатышканы маалым болду

17-апрель күнү социалдык тармактарда тараган Кыргыз жаранынын жашы жете элек баласын "отжимание жаса" деп ур-тепкиге алган видеоматериал боюнча Ички иштер министрлиги билдирүү таратты.

"Аталган факты Москва шаарынын Кунцево райондук аймактык ички иштер башкармалыгына катталды. Аймактык укук коргоо кызматкерлери баланын атасы Ж.Э. үй-бүлөсү менен убактылуу жашап жаткан дарекке барып, териштирүү жүргүзгөндө окуя 16-апрель күнү саат 11:00 чамасында орун алганы аныкталган. Видеону баланын апасы тартып, WhatsApp мессенжери аркылуу башкаларга таратып жиберген. Ал эми аялдын атасы туугандардын тайпаларына жөнөтүп, видео коомчулукка тарап кеткен.

Учурда Ж.Э.ге карата юридикалык баа берүү боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат. Аймактык полиция кызматкерлери ата-энелерди жана окуяга катышкан адамдарды суракка алууда. Андан сырткары аталган үй-бүлө 3 баланы тарбиялап жатканы жана баланын апасы Ж.Ж. 5 айлык кош бойлуу экендиги аныкталды", - деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, 17-апрель күнү атасы баласын "отжимание жаса" деп темир таяк менен сабаган видеосу интернет желесине тарап, коомчулукта резонанс жараткан. Көп өтпөй баланын тай тарабы окуя боюнча полиция кызматына кайрылганын билдирген. Андан соң баланын атасы кылган жоругуна өкүнүп жатканы тууралуу маалымат тараган. Ошону менен токтолуп калбай, байма-бай интернет булактарына ата-энесинин баласы менен урушпай, жакшы сүйлөшүп отурган видеолору чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
KalenAlmaz
2020-04-18 11:44:35
Аджимание жаса дебей кичине сабак окутуп илим билим китеп ж.б нерселерди уйротолу да толку жок шерменде болбой,атын чыкпаса жер ортто болбой!
+4
Sakura715
2020-04-18 11:48:07
Темир таяк мн кайсыл жерде сабады? Көбүртконду токтоткулачы!
-18
Jelezo
2020-04-18 12:01:33
Баары эле ушул жигитти талкуулап киришти,атаңы өлтүргөнгө энеңди бер деп кыргыз сабырдуулука чакырган биз болсо камалсын эле камалсын деп жатып калдык.
Бизди мектепте илгери агайлар ур тепкиге алып эле тарбиялаган ата энеңе барып айтсаң ырас болуптур деп коюшчу азыр болсо апасы урса атасы болушат атасы урса апасы элге жайып ит кылат анан кантип балаң көк бет болбойт.
-7
bond02
2020-04-18 13:11:10
Отжимание жаса деп жаман жолго туртпоптур бирок урганы ашыкча болуптур да.
-1
talaa11
2020-04-18 13:30:39
Шунуройуп эле калыпсынго сууга тушкон мышыктай болуп, озу бир элуу отжимание жасай албаса керек
+5
Aikaaaa
2020-04-18 13:36:54
Мындайларга шыгыратып балдарды берип коет. Урса урсун, ооба ата энеңдики май болот деп койчу эле. Бирок бул ата алсыз баласын жөнү жок шылтоо менен аесуз уруп жатат. Анчалык жини келип, карантинде эмне кылаарын билбей буулугуп атса, жер муштасын, жинин баласынан чыгарбай, күнөөсүз баланы (((
+6
sirenaaaaa
2020-04-18 14:00:58
Силер тартып киргиздинер, силер кечирим сурагыла дегениби. Аялы ыйлап кечирим сурап жатса, жанында жог гана карап турат да
Эми не аялын да коркутуп кечирим суратып жатабы деп ой келип жатат
+2
rola
2020-04-18 14:35:05
Акмакты экинчи кол которбос кылып жазалаш керек!
+2
Aida05
2020-04-18 19:49:37
Менинда куйом балдарды аябай уурат мас болуп алып .Мени айтпай эле койоюн аябай тажадым .
+1
munduz2016
2020-04-18 20:30:48
Aida05,кой де.
0
Bazana
2020-04-18 23:53:17
Aida05,жыйнаштырып салсанызчы ,айтканга оной бирок деген жери барда турмуш шартка байланыштуу.
+1
Nuri1988Elim2010
2020-04-18 21:19:51
Азыр адамдар өтө эле псих болуп кетип жатабы? Магада бир эң жакыным айтты эле, атаңыз га андай мамиле кылбаңыз десем,атам жаштыгымда катуу сабачу,ошого мээрим жок атама карата деп, ошол күндөр көз алдымдан кетпейт деп.
+2
Krasnoe.beloe
2020-04-19 02:29:01
Ошончолука чыдап жашап жургондорго тан калам .бала жарык дуйного келгени учун келтек дейт бизде
Бизде понята ошондой озу баланы уруш керек деген эртен ал бала чонойушун эске алыш керек урган Адам бала чонойот сен каарыйсын дегендей
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан