Өзгөчө абал режими киргизилгенден бери Бишкек шаарында 1 миң 48 кылмыш иши катталды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары, борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйыны учурунда билдирди.
"25-марттан 18-апрелге чейин Бишкек шаарынын аймагы боюнча кылмыштар жана тартип бузууларга токтолсом, жалпысынан 1 миң 48 кылмыш иши катталды. Алардын ичинен 950 кылмыш ишинин бети ачылды. Коменданттык саат эрежесин бузгандардын саны 2 миң 52ни түздү. Анын ичинен 1 миң 785 эркек жана 267 аял киши кармалды", - деп билдирди комендант.