Бишкек боюнча 106 мобилдик топ талап кылынат. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда республикалык штабдан билдиришти.
Учурда 36 мобилдик топ эле иштеп жатат.
"Республика боюнча мобилдик топтордун саны 649, борбордо нормативдер боюнча 106 талап кылынат. Бирок алардын саны 38. Ал эми эки "Тез жардам" акыркы аптада жол кырсыгынан улам бузулган", - деп жазылат маалыматта.
“Абал курч, акыркы аптада ооруп калгандардын саны тез өсүп кетти, ушуга байланыштуу Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан кошумча иш-чаралар аткарылып жатат. Бишкек, Чүй облусунда оорунун саны тез өсүүдө, ар бирибиз бири-бирибизге түшүндүрүп айтышыбыз керек. Максатсыз көчөгө чыкпаңыздар, эл көп жерге барбаңыздар, сөзсүз бет кап кийип, колду бат-баттан жууп туруңуздар. Ар бир адам жоопкерчилик менен санитардык нормаларды сактоого тийиш”, - деп саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.