Индонезияда дарыгерлерге роботтор жардам берип жатышат (видео)

Индонезияда коронавируска каршы күрөшүүдө дарыгерлерге роботтор жардам берип жатышат. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары жазып чыгышты.

"Роботтор Жакартадагы ооруканалардын дарыгерлерине жардам бере башташты. Алар коронавирусту жуктурган адамдарга дары-дармектерди жеткирип берип турушат. Анткени эгер дарыгер бейтап менен бат-баттан байланышта боло берсе, анда ал вирус жуктуруп алышы мүмкүн. Ошондуктан роботтор бул кызматты аткарууда кооптуулук жаралбайт.

Жаңы жардамчыларга сенсордук экран орнотулган. Анын кыймыл-аракети компьютерде 3D форматында көрсөтүлүп турат", - деп айтылат маалыматта.

Индонезияда 5 миң 923 адам коронавирус жуктуруп, 607 жаран айыгып, 520 адам көз жумган.

Индонезияда дарыгерлерге роботтор жардам берип жатышат
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rola
2020-04-18 14:22:36
Жакшы жанылык экен,роботтор жардамга келсе.Биздин дарыгерлер омурун тобокелге коюп иштеп жатышат.Же бир жетиштуу кийими жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан