Бүгүн, 22-мартта Өкмөт үйүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйын берип жатат.
Жыйында 22-мартка карата Кыргыз өлкөсү боюнча коронавирус жуктургандар жок. Жалпы ооругандардын саны 14 адам бойдон калууда. Ошондой эле бейтаптардын абалы канааттандырарлык экени айтылды.
Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандардын жалпы саны 14 адам. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, COVID-19 вирусун жуктургандардын бардык учурлары сырттан келген.