Бир күндө жаңы ачылган медициналык борборлорго 700гө чукул жаран кайрылган

Кечээ, 4-июлда Бишкектин 4 районунда күндүз кызмат көрсөтө турган медициналык борборлор ачылган. Борборлорго бир күндө жалпы 686 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Маалымат шаардык мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев тарабынан белгилүү болду.

Күндүзгү стационар борборлорунда пневмония же сасык тумоо илдетинин жеңил же орточо оор формасы менен жабыркап жаткан бейтаптарга жардам көрсөтүлөт. Оор абалдагы бейтаптарды дарылоого мүмкүн эмес, себеби борборлор амбулатордук дарылоого ылайыкталган. Ал жерден кеңеш алууга, капельница жана дары-дармек алууга болот.

Медициналык борборлор саат 08:00дөн 20:00гө чейин иштейт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rysik79
2020-07-05 13:17:43
Бул ооруу түндө көбүрөөк кармайт түнкү убакта деле кабылдап турса жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан