Коронавирус эпидемиясына байланыштуу аймактарда дезинфекция жүргүзүлүп жаткан чакта видеого тартып алып, туура эмес комментарий берген жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
"27-март күнү 1967-жылы туулган И.М. аттуу Чүй облусунун Ивановка айылынын тургуну коронавирус окуясына байланыштуу жалган маалымат таратканы аныкталды. Ал медициналык кызматкерлер дезинфекция кылып жаткан учурду видеого тартып, туура эмес комментарий менен таркатып жиберген.
Аны менен профилактикалык иш-чаралар өткөзүлгөн соң, кылган ишинин туура эместигин мойнуна алып, жалган маалымат бергендиги үчүн кечирим сурады.
Жарандын аракеттерине юридикалык баа берилет", - деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, жалган маалымат тараткандар мыйзам чегинде жоопко тартылат.