Орусиянын президенти Владимир Путин аталган өлкөдө калган эмгек мигранттары үчүн бир катар жеңилдиктерди берген буйрукка кол койду. Бул тууралуу орус басылмалары жазышат. Ага ылайык, чет элдик жарандар:
- Виза жана башка документтердин мөөнөтүн узартпастан, Орусиянын аймагында 15-июнга чейин жүрүүгө уруксат берилет;
- 15-июнга чейин Орусиядагы чет элдик жарандар депортация болбойт;
- Эмгек мигранттары уруксат кагаздары жок эле жумушка кабыл алына берет. Бирок бул учурда жумуш берген тараптын чет элдик жарандарды жумушка тартуу боюнча уруксат документтери болушу шарт.