Нарын облусунун Ат-Башы районундагы өзгөчө абал комендатуранын көзөмөлүндө.
Жалпы 8 блокпост жана 5 фильтрациялык посттордо медицина кызматкерлери, аскердик бөлүктөрдүн кызматкерлери, ветеринардык кызматкери, ӨКМнын кызматы, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана башка кызматтар кирип, чыккан автоунааларды текшерүүдө.
Ошондой эле постто кызмат өтөп жаткан кызматкерлер керектүү болгон жеке коргонуу каражаттары менен камсыздалган. Азыркы учурда атайын бөлүнгөн маршруттук топтор эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен өзгөчө абал режимин туура сактоо жана алардын шарттарын бузбоо боюнча бир катар түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.