Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаарында жеңесинин өлүмүнө шектелип, кайниси кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 18-апрель күнү болгон.
"1985-жылы туулган Б.Ж. аттуу жаранды өзүнүн үйүндө 30 жаштагы Т.Т. аттуу бир тууган кайниси бычак менен ич тарабына сайып жиберип, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми жабырлануучу ооруканага жетпей каза болгон.
Бул факты Аксы РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда шектүү кармалып, териштирүү иштери башталды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, маркумдун артында 3 уул, 1 кызы калды.