"Кыргыз почтасы" мамлекеттик кызматы 24 өлкө менен болгон ишин жандантты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, почта кызматтары Улуу Британия, Австрия, Азербайжан, Италия, Венгрия, Грузия, Литва, Латвия, Дания, Испания, Нидерланды, Болгария, Орусия, Украина, Германия, Өзбекстан, Молдова, Польша, Чехия, Франция, Финляндия, Швейцария мамлекеттери менен ишин баштады.
"Каттар, салмагы 2 килограммга чейинки бандероль (ред:басма же жазма нерселерди почта аркылуу жиберүү формасы), чакан баштык, почта карталарын жөнөтүүгө болот. Мындан тышкары "М" белгиси бар каптарга салынган китеп, кагаз жана журналдар кабыл алынат. Бирок бул каптагы жүктүн салмагы 14 жарым килограммдан ашпашы керек. Бардык эл аралык кат алмашуулар аптасына бир гана жолу ишке ашат. Андыктан аманаттар дарегине кечирээк жетиши мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.
Маалым болгондой, коронавирус пандемиясына байланыштуу почта кызматы 18-мартта 40 мамлекет менен, ал эми 27-марттан баштап бардык багыттар боюнча ишин токтоткон.