Интернетке түн ичинде борбор калаадагы жоогазындарды үзүп жаткан жарандын видеосу тарады. Андан белгисиз жаран унаасын гүлдөр тигилген жайдын четине токтотуп, өзү жоогазындарды тандап үзүп жатканын көрүүгө болот.
Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан бул видео эски болушу толук мүмкүн экенин айтышты.
"Видео эски болушу толук мүмкүн. Анткени видеодо убакыт, саат көрсөтүлгөн эмес, унаанын номери дагы көрүнбөйт. Анын үстүнө быйыл көчөлөрдөгү жарык жакшыртылган. Жоогазындардын баары эле ордунда турат, эч кандай казып же жулуп кетүү болбогону бүгүнкү текшерүүдө аныкталды", - дейт мекеменин маалымат катчысы.