Чехиянын президенти чек аралар кеминде 1 жыл жабык болушу керек деген пикирин айтты

Чехиянын президенти Милош Земан коронавирус инфекциясы өлкөгө кайтып келбеши үчүн мамлекеттик чек араларды 1 жылга жабууну сунуштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Чек аралар 1 жыл бою жабык бойдон калышы керек. Менин оюм өзгөргөн жок", - деп билдирген өлкө башчысы.
Ал эми өлкөнүн тышкы иштер министри Томаш Петржичек өкмөттө ишкерлерге ар кандай сүйлөшүүлөр үчүн чет өлкөгө чыкканга уруксат берүү тууралуу маселе караларын айткан. Ал чектөөлөр аз-аздан алынарын кошумчалаган.
Чехияда жалпы 6 миң 701 адамдан вирус аныкталган. 186 жаран каза болуп, 1 миң 298 бейтап оорудан сакайып чыккан.
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ZUXRIDDIN20
2020-04-20 09:19:33
Өзбекстан Кыргызстанда вирус тезирээк токтоп таможныйлар ачылса экен. Менин окуум эмне болот. Узакка жабылып калса таможный
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан