Муфтият: "Быйылкы ажылык сапар коронавирус инфекциясына байланыштуу токтотулду"

Коронавирус инфекциясынын айынан быйылкы ажылык сапар токтотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына муфтияттан билдиришти.

"Бүгүнкү күндө коронавирус инфекциясы менен дүйнөнүн миллиондогон адамдары жабыркагандыгына байланыштуу Сауд Арабиясынын Ажылык жана умра министрлиги кооптуулукту алдын алуу максатында, 2020-жылы боло турган ажылык сапары бир гана Сауд Арабияда жашаган ар кандай улуттардын каалоочуларына бардык коопсуздук эрежелерин сактоо менен гана өткөрүлөрүн, ажы жана умра сапарына сырттан келүүчүлөргө пандемияга байланыштуу быйылкы ажылык сапары болбой тургандыгын маалымдады", - деп жазылган билдирүүдө.

Эске салсак, 23-июнда Cауд Арабиясы чет өлкөлүк зыяратчылар үчүн ажылык сапарды токтоткондугу тууралуу кабарланган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан