Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан аскердик дарыгерлердин тобу келди

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан Ил-76 аскердик-транспорттук учагы менен медициналык жабдуулар жана Орусиянын Коргоо министрлигинин алты медицина кызматкерлеринин тобу келди. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган учак "Кант" авиабазасына түндө конгон. 20 адамдан турган алты медицина кызматкерлеринин тобу Кыргыз өлкөсүнүн аскердик дарыгерлери менен бирге, аскер кызматкерлерине, алардын үй-бүлөлөрүнө жана ардагерлерге практикалык жана консультациялык жардам көрсөтүшөт.

Мындан тышкары, орусиялык дарыгерлер Бишкек жана Ош шаарындагы ооруканаларда иштешет. Дарыгерлер тобу эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсүнүн негизинде келгени белгилүү болду.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Timurlan2017
2020-07-22 11:26:39
Эн жакшы жанылык.
+9
nargiz-sa
2020-07-22 12:24:24
Биздеги шартты көрүп ооздору ачылып жатышса кк
+5
KG-zigit
2020-07-22 13:20:37
Орусияга чоон рахмат дешибиз керек.
Башка мамлекет дебестен, озунун бир регионундай эле жардамын берип келуудо
+7
Cvbn
2020-07-22 14:34:20
Гансиге жибергилечи Россиянын врачтарын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан