20-апрелге карата дүйнөдө коронавирус менен ооругандардын саны 2 миллион 404 миң 249га жетти. Алардын арасынан 624 миң 725 бейтап сакайып ооруканадан чыгарылса, 165 миң 234 адам каза болду.
АКШда 759 миң 687 адам коронавирус менен жабыркап, анын 70 миң 951 бейтабы ооруканадан айыгып чыкса, каза болгондордун саны 40 миң 682ге жетти.
Коронавирус көп жайылган экинчи өлкө Испанияда учурда 198 миң 674 адам коронавирус менен күрөшүп келет. 77 миң 357 бейтап инфекциядан сакайып, ооруканадан чыгарылса, тилекке каршы, 20 миң 453 адам көз жумду.
Ал эми Италияда болсо 178 миң 972 адам коронавирус жуктуруп, анын 47 миң 55и ооруканадан айыгып чыгып, 23 миң 660 бейтап каза болду.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.