"Чачы агарып кеткен". Уханга иш сапарга кеткен дарыгерди кызы тааныбай калган

Ухан шаарына иш сапарга кетип, эки айдан кийин кайтып келген дарыгерди кызы тааныбай койгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Гуйчжоу провинциясында жашаган 39 жаштагы медицина кызматкери Ван Бэньсю Ухан шаарында коронавирус эпидемиясы күч алган февраль айында 2 айга иш сапарга жөнөтүлгөн. Анын карамагында 21 бейтап болгон.

Иш сапардан келген Бэньсюну босогодон тосуп алган 3 жашар кызы "Сиз кимсиз?" деп тааныбай койгон. Анткени 2 ай аралыгында анын чачы агарып кеткендиги айтылат. Кийинчерээк гана кызы атасын таанып, моюнуна асылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Tolkun555
2020-04-20 14:47:03
Боеп жаргон краскасы кетип калса керек да
+2
PROS
2020-04-20 19:05:13
Катуу корккондон агарса керек. 1 армян айткан эле сага айтсам ишенбейсиң мен корккондо чачы агарып кеткен адамды көзүм менен көргөм деп. 88-жылы Армениядагы жер титирөөдөн кийин зданиялар басып калган адамдардын өлүктөрүн чыгарып жатсак межэтажный плитанын астында кичинекей кыз тирүү экен. Ошол плитаны экскаватор менен бир башын өйдө көтөрүп жатканда плита ковшдан тайып кыздын үстүнө түшүп кете жаздаган, ошондо экскаваторщиктин чачы резко агарып кеткен деген эле.
+6
Salamandra
2020-04-21 12:34:16
PROS,Туура айтасыз каттуу корккондо,адам баласында чач агарып кетет экен,же кайгырганда эжемдин баласы машинадан авария болуп оор абалда комада жатып калды,эжем каттуу ыйлап коз жашы менен карып кетти каттуу ойлонуп суйкайган эжем бар эле
0
Mamajanovna77
2020-04-20 23:02:06
Ооба.мен да москвада иштеп жүргөндө украинка келин айткан.14 жаштагы балам согушту көрүп чачы агарып кеткен деп
0
XATSAN125
2020-04-20 23:35:32
агарса кытайдын чачы агарыптыр да ага кайгыруунун кереги деле жок
-4
Jelezo
2020-04-21 11:35:33
Чач бир суткада агарып кетет катуу кайгырса.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан