Дүйнө жүзүндө бир канча муун сүйүп көргөн "Том жана Жерри" мультфильминин автору иллюстратор, кинорежиссёр, мультипликатор Жин Дейч каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, Жин Дейч 95 жашта болчу. Анын эмнеден улам көз жумганы азыркы тапта белгисиз.
Жин Дейч "Том жана Жерринин" 17 сериясына режиссёрлук кылган. Мындан сырткары ал "Манро" жана "Нудник" мультфильмдеринин автору. Анын "Манро" кыска метраждуу мультфильми "Оскар" сыйлыгына татыган.