Белгилүү футболчу, Түштүк Корея курамасынын жана англиялык "Тоттенхэм" футболдук клубунун 27 жаштагы оюнчусу Сон Хын Мин аскердик кызматын өтөөгө кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, футболчу 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия оюндарында мыкты оюн көрсөтүп, командасы менен жеңишке жеткендиги үчүн эки жылдык аскер кызматын өтөөдөн бошотулган. Бирок мыйзам боюнча ал үч апта армияда кызмат өтөйт. Бул убакыт аралыгында аны 30 чакырымдык марш күтүп турат жана курал колдонгонду, ок атканды үйрөнөт.
Футболчу Жежу аралындагы деңиз корпусунда үч апталык аскер кызматын өтөйт.